"Челси" клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугун жеңип алды

"Челси" клубдар аралык футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун жеңип алды. Турнирдин финалында англиялык команда франциялык ПСЖны 3:0 эсебинде утту.

Оюн АКШнын MetLife Stadium стадионунда өттү. Беттештин 22-мүнөтүндө Коул Палмер эсепти ачса, сегиз мүнөттөн кийин ал дубль жаратты. 43-мүнөттө Жоао Педро Палмердин пасы менен "Челсинин" үчүнчү голун киргизди.

"Челси" тарыхта экинчи жолу ФИФАнын клубдар боюнча Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү болууда. Клуб 2021-жылы финалда Лондондун командасы "Палмейрасты" утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан