
"Манас" эл аралык аэропортунун имаратын кеңейтүү иштерине байланыштуу аэропорттун аэробекет комплексине кирүү схемасы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты.
Ага ылайык, имараттын борбордук кире бериши реконструкциялоо иштери аяктаганга чейин жабылды. Азыр аэробекетке ички каттамдарды тейлөө залы тарабынан гана кирүүгө болот.
Ал жаңы унаа токтотуучу жайдын бет маңдайында аэробекет имаратынын оң жагында жайгашкан. Жакынкы арада жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн биринчи кабаттан кошумча чыгуучу эшик ачуу пландаштырылууда.