Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Оштогу облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу шаардык мэрия бүгүн, 18-июлда билдирди.
Ал жерде оорукана аймагында унаа токтотуучу жай маселесин чечүү жана айланасындагы коомдук тамактануучу, соода жайларын, дарыканаларды иретке келтирүү, жолду кеңейтүү маселелери каралды.