Эртең, 22-июлда Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт.
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, Чүй, Талас, Баткен, Жалал-Абад облустарынын аймактарында күн ачык болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +17.. +22, күндүз +33 ... +38;
Талас жергесинде түнкүсүн +14... +19, күндүз +32... +37;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +22... +27, күндүз +34... +39;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +12... +17, күндүз +28 ... +33;
Нарында түнкүсүн +11... +16, күндүз +25... +30;
Бишкек түнкүсүн +20... +22, күндүз +36... +38 градус ысык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-9 метрге жетет.