Казакстандын президенти дарыгерлерге кол салгандарга жазаны күчөтүүнү буйруду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев медициналык кызматкерлерге карата физикалык зомбулук жана ырайымсыздык үчүн жазаны күчөтүүнү буйруду. Бул тууралуу кечээ, 23-июлда президенттин басма сөз катчысы Руслан Желдибай билдирди.

Ал белгилегендей, мамлекет башчы парламент депутаттарынын улуттук мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарын колдойт.

Желдибай кошумчалагандай, медицина кызматкерлеринин ден соолугуна жана бейпилдигине зыян келтирген окуялар "Мыйзам жана тартип" принцибинин негизинде мыйзамдуу жол менен токтотулушу керек.

"Президент өкмөткө мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөрдү иштеп чыгууну тапшырды, ал жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда парламенттин талкуусуна коюлат",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан