Орусия Кыргызстанга 651 миң даана окуу китептерин берди  

Кыргызстан менен Орусиянын Агартуу министрликтери, Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемеси жана Орусиянын “Просвещение” акционердик коомунун ортосунда түзүлгөн меморандумдун алкагында кыргыз-орус жумушчу тобу тарабынан адаптацияланган орусиялык окуу китептеринин ири партиясы өлкөгө жеткирилди.
Окуу китептеринин жалпы нускасы 651 миңди түзөт. Китептер Орусиянын аймагында басылып чыгып, Кыргызстанга толугу менен жеткирилди. Учурда окуу китептери кампаларга бөлүштүрүлүп, жакынкы аралыкта өлкөнүн бардык аймактарындагы жалпы билим берүү уюмдарына жөнөтүлөт.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, окуу китептери кыргыз жана орус тилдеринде билим берген мектептер үчүн төмөнкү предметтер боюнча даярдалган:
  • Орус тили жана окуу;
  • Орус тили;
  • Орус адабияты;
  • Орус жана дүйнөлүк адабият.
Окуу китептери 1-2- 5-7-класстар үчүн ылайыкташтырылган жана белгиленген талаптарга ылайык эксперттер тарабынан тиешелүү экспертизадан өткөн.
11-ноябрда Бишкекте өткөн Кыргыз-Орусия өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын алкагында Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге окуу китептерин өткөрүп берүү жөнүндө сертификатты тапшырды.
Мекеме билдиргендей, учурда 3-4-6-8-9-класстар үчүн ошол эле предметтер боюнча окуу китептерин ыңгайлаштыруу боюнча иштер башталды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан