Бишкек шаарынын мэриясы энергетикалык каатчылыктан улам мектептердеги сабактар, ийримдер кыскартылды деген маалымат жалган экенин билдирди.
Калаа бийлиги шаардагы бардык билим берүү мекемелеринде окуу-тарбиялоо процесстери кадимки тартипте жүргүзүлүп жатканын белгилеп, шаар тургундарын ишенимдүү жана расмий булактарга гана ишенүүгө чакырды.
Буга чейин социалдык тармактарда энергетикалык каатчылыктан улам сабактар кыскартылып, ийримдер менен кошумча сааттар токтотулганы тууралуу маалымат тараган.