Экс-депутат Нурлан Сулайманов ишке чыкпаган убакытта парламенттен айлык алган эмес

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурлан Сулайманов (“Ата Журт”) ишке чыкпаган убакытта депутат катары парламенттен айлык алган эмес. Муну ЖКнын Регламенти жана депутаттык этика комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаева билдирди. Айтымында, Н.Сулайманов боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын өз алдынча чечим чыгарышы туура эмес.

“Бул маселе алгач комитетте, андан кийин пленардык жыйында каралышы керек болчу. Нурлан Сулайманов ишке келбеген убакытта Жогорку Кеңештен айлык алган жок”,- деди Алтыбаева.

Эскерте кетсек, аталган депутатты БШК 31-январда мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыраткан. Буга депутаттын Жогорку Кеңештин сессияларына 30дан көп жолу катышпаганы себеп болду. Маалыматка таянсак, депутат 2012-жылы өлкөдөн сыртка чыгып кетип, ошол бойдон келе элек. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан