Сокулук районунда мал уурдоо фактысына шектүү адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 9-март түнү Саз айылынын 45 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал короосунун кулпусу бузулуп, белгисиз бирөө коюн уурдап кеткенин айткан.
Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектелип 24 жаштагы коңшу айылдын тургуну колго түшүрүлгөн. Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми уурдалган кой ээсине кайтарылып берилди.