Жогорку Кеңеш: Көпчүлүк коалиция 15 күндүн ичинде түзүлүп, премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүшү керек

Көпчүлүк коалиция 15 күндүн ичинде түзүлүп, премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүшү керек. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта КРнын Жогорку Кеңешинин аппаратынын юридикалык бөлүмү билдирди. 
Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууну улантышат.

Конституцияга ылайык, президент фракциялардын бирине 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат.

Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин Жогорку Кеңеш программаны бекитпесе, өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктабаса, президент экинчи фракцияга 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат.

Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.

Ал эми жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Жогорку Кеңеш өкмөттүн программасын бекитпесе, түзүмүн жана курамын аныктабаса, үчүнчү жолу фракциялар өз демилгеси менен 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүгө жана премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө тийиш.

Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке, Регламенттин 123-беренесине ылайык, талапкерлиги көрсөтүлгөн күндөн тартып 7 жумушчу күндүн ичинде Жогорку Кеңешке киргизет. Ошондо парламенттик көпчүлүктү түзүү, премьер-министрликке талапкерди көрсөтүү, анын өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизүү жана аны кароо жана бекитүү жол-жоболору жалпысынан 15 жумушчу күндөн кечикпеши керек.

Төрага Жогорку Кеңешке келип түшкөн өкмөттүн программасынын, түзүмүнүн жана курамынын долбоорлорун бардык депутаттарга жиберет жана аны Жогорку Кеңештин кезексиз кароосуна киргизет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан