Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» документке кол койду.
Мыйзамдын максаты - «Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» КРнын мыйзамынын айрым жоболорун «Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.