Жогорку Кеңеш өлкөнүн 2013-жылга бюджетин жана 2014-2015-жылдарга божомолун жактырды

Парламент өлкөнүн 2013-жылга бюджети жана 2014-2015-жылдарга божомолу жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды. ЖКнын Тармактык комитети аталган долбоорду 2-3 окууда карашты. 2-окууда мыйзам долбооруна 96 депутат "макул", 5 депутат "каршы" добуш берсе, 3-окууда 89 депутат макулдук беришти. Айта кетсек, 27-декабрда эртең менен бул долбоор ЖКнын жыйынында каралып, депутаттар аны комитеттерде кайрадан кароо чечими менен артка кайтарышкан. ЖКнын Бюджет жана финансы комитети ал күнү долбоорду карап, кечинде кайрадан палатага алып чыкты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан