Бүгүн, 23-январда Ош шаарында маалымат жыйын өткөргөн “Республикалык жана башка кагылышуулардын катышуучулар уюму” 1999-жылы Баткен окуясында каза болгон жарандардын урматына республиканын ар аймагына эстеликтерди тургузууну сунушташты. “Бул сунуш Ош шаардык мэриясында кабыл алынып, 2013-жылдын планына киргизилген. Буга чейин мындай эстеликтер Кызыл-Кыя жана Өзгөн шаарларында тургузулган. 2015-жылга чейин республика боюнча 15 эстелик тургузууну пландап жатабыз”,- деди аталган уюмдун жетекчиси Кубанычбек Гүлжигитов. Мындан сырткары уюмдун өкүлдөрү өкмөттөн 8-сентябрды “Баткен окуясы күнү” деп белгилеп берүүнү суранышты.