Бүгүн, 23-январда ЖКнын жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев акыйкатчыны шайлоодо “Ата Журт” фракциясынын камакта отурган депутаттарын да шайлоого катыштырууну сунуштап, бирок бул сунуш колдоо тапкан жок. Абдылдаев "эгер мыйзам боюнча иш кылсак, анда камактагы депутаттардын добушун алып келиш керек" деди. Бирок акыйкатчыны шайлоо боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия бул сунушту четке какты.