Бүгүн, 23-январда ЖКнын депутаты Карганбек Самаков Сауд Аравиясынан келген ишкерлер тобун кабыл алды. Жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгын көтөрүүгө түрткү бере турган кыргыз-араб фондун түзүү маселеси талкууланды. Карганбек Самаков араб ишкерлеринин бул иш сапары Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосунда ишенимдүү көпүрө боло турганын билдирди.