1-февралда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде кыргыз элинин 7 белгилүү инсанына арналган сүрөт көргөзмө ачылат. Бул белгилүү адамдар Курманжан датка, Искак Раззаков, Султан Ибраимов, Абсамат Масалиев, Сүймөнкул Чокморов, Жалил Садыков жана Раатбек Санатбаев. Иш-чараны белгилүү спортчу, маркум Раатбек Санатбаевдин иниси Орунбек Санатбаев уюштурууда. Көргөзмөдө жогоруда аты аталган инсандардын коомчулукка жарыялана элек 550дөй сүрөтү көргөзүлөт. Иш-чара 15-февралга чейин улантылат.