Нарын облусунда кыргыз элине эмгек өтөгөн алдынкы инсандардын өмүрүн чагылдырган “Инсандар таржымалы” китебинин 6-жыйнагы жарык көрдү. Бул китепте көзү өтүп кеткен мыкты инсандардын өмүр-таржымалы, жакындарынын, үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жолдошторунун эскерүүлөрү камтылган. Каармандардын дээрлик 8 пайызы Нарын облусунун атуулдары. Кошумчалай кетсек, бул жыйнак жылына бир ирет чыгарылат, бул жылкы нускасы 200 даана.