Талас. Аксакалдар Токтогул-Талас-Кум-Бел-Бишкек унаа жолун куруу боюнча жогорку бийликке кайрылуу жолдошот

18-январда Талас шаарында облус жетекчилиги, аксакалдар жана ММК кызматкерлери катышкан жыйын болуп өттү. Бул жолугушууда өлкөбүздүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген Токтогул-Талас-Кум-Бел-Бишкек унаа жолун куруу боюнча маселе талкууланды. Анда аксакалдардын сунушу менен таластыктардын атынан президент Алмазбек Атамбаевге, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге кайрылуу кат жолдоо чечими кабыл алынды. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Мухамеджан Суранчиев катта “бул жол каттамы курулса, Таластан Бишкекке чейинки аралык 100 чакырымга кыскарып, жол кырсыктарынын саны азаят деп айтылган” деп билдирди.  

 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан