Талас. Облуста 2012-жылы 174 өрт кырсыгы катталды

Талас облусунда 2012-жылы 174 өрт кырсыгы катталганын облустук өрткө каршы күрөшүү башкармалыгынын өкүлү Тилек Рысбеков билдирди. Анын айтымында, өрт кырсыгынан келип чыккан материалдык чыгымдын суммасы 2 миллион 952 миң 194 сомду түздү. Аталган өрт кырсыктарынын жарымынан көбү турак үйлөрдөн чыккан. Ошондой эле 3 адам каза болуп, 2 жаран денесинен күйүк жаракатын алган.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан