14-20-январь күндөрү Кыргызстан боюнча жугуштуу илдеттер менен ооруган 4 миң 706 адам катталса, алардын ичинен 600 адам сарык дарты менен ооруган адамдар. Бул тууралуу 23-январда Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу оорулардын алдын алуу жана экспертизалоо департаменти билдирди. Аталган департамент февраль айында жугуштуу оорулар күч алышы мүмкүн экендигин маалымдайт.