Бишкекте талапка жооп бербеген жана мыйзамсыз илинген 32 даана көрнөк-жарнак алынды

22-январда Бишкек мэриясынын Жарнама департаменти жүргүзгөн атайын рейд учурунда шаар көчөлөрүндөгү талапка жооп бербеген жана мыйзамсыз илинген 32 даана көрнөк-жарнак алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 23-январда кабарлады. Аталган рейд учурунда шаардагы Юнусулаев, Курманжан Датка көчөлөрү жана Чүй проспектисиндеги көрнөк-жарнактар алынды. Бул ишке шаардын Октябрь райондук администрациясы жана “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери көмөктөштү. Рейд шаардык мэриянын “Бишкек шаарынын көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу чаралары” токтомунун алкагында уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан