Турсунбек Сейдикеримов ӨКМнын Талас облусундагы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов кол койду. Ал эми бул кызматта буга чейин иштеп келген Жамбыл Жумагулов башка ишке которулгандыгын кабарлады аталган башкармалыктын өкүлдөрү.