Турсунбек Акун кийинки мөөнөткө акыйкатчы болуп шайланды

Жогорку Кеңеште депутаттардын көпчүлүк добушун алуу менен .Турсунбек Акун КРнын Акыйкатчысы болуп шайланды. Айта кетсек, бүгүн, 23-январда акыйкатчы шайлоого 16 талапкер катышып, 2-турга Турсунбай Бакир уулу менен Турсунбек Акун өтүшкөн. 2-турдун жыйынтыгында Турсунбай Бакир уулу 35 "макул", 59 "каршы", ал эми Турсунбек Акун 51 "макул", 43 "каршы" добуш алды. Өз учурунда төрага Асылбек Жээнбеков Турсунбек Акунду куттуктап, ага ийгиликтерди каалады. Кайрадан акыйкатчы болуп шайланган Турсунбек Акун: "Колдогонуңуздар үчүн баарыңыздарга баш ийип таазим кылам. Мени колдобогон депутаттарга деле нааразычылыгым жок, анткени алар жаман ойдо мындай кылышкан жок. Бардык депутаттарга, анын ичинде Турсунбай Бакир уулуна да ыраазычылык билдирем. Бакир уулун Кыргызстандын биринчи акыйкатчысы катары сыйлайм",- деди. Айта кетсек, Турсунбек Акун 14-февралда ЖКда расмий түрдө ант берип, кийинки мөөнөттүк кызматына киришет.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан