Кара-Суу районундагы Барак анклавына жеткирилчү азык-түлүктү Өзбекстан тарап чек арадан өткөрбөй жатат

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Барак анклавын Өзбекстан тарап жаап салып, анклав тургундары учурда азык-түлүккө муктаж. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Ош облусу боюнча өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматтар боюнча, аталган анклавдын жашоочуларына 7,5 тонна ун, 200 килограмм күрүч, чырак жана ширеңке, балдар үчүн жылуу кийимдер камдалып, ал азык-түлүктөр кыргыз-өзбек чек арасында турат. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылууда. Айта кетсек, Өзбекстандын аймагында жайгашкан Барак анклавында 300дөй үй-бүлө жашайт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан