Кыргызстанда электр энергиясын мыйзамсыз колдонгондугу үчүн январь айында 600дөй үйгө чара көрүлдү

Кыргызстанда электр энергиясын мыйзамсыз колдонгондугу үчүн бир айда 600дөй үйгө чара көрүлдү, тактап айтканда, үйлөргө келген электр зымдары кыркылган. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасы маалымдайт. Мындан сырткары электр энергиясына байланыштуу нормаларды бузгандыгы үчүн 154 курулуш ишканасы да жарыксыз калышкан. Электр энергиясын колдонуудагы эрежелерди сактабагандыгы үчүн  Бишкекте 27, Чүйдө 24 абонент 3 фазалык чубалгысынан ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан