Түштүк Кореядагы кыргыз мигранттары өздөрү тууралуу "Мекендештер" аттуу тасма тартышты. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда аталган кыргызстандык жарандар кабарлашты. Тасмада образ жараткандар тажрыйбалуу актёрлор эмес, кыргыз мекендештерибиз өздөрү ойношкон. Ошентсе да бул тасма 2012-жылдын 22-декабрында Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында өткөн кино фестивалда тартууланып, мактоого арзыган.