Япониянын Кыргызстандагы элчилиги Кара-Кулжа аймактык ооруканасына 61,8 миң долларлык медициналык жабдууларды берет. Тиешелүү келишимге эки тараптуу кол коюлганын 23-январда аталган элчиликтен маалымдашты. Тактап айканда, “Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу” долбоорунун алкагында түзүлгөн келишимге Япониянын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Ясумаса Иидзима жана Кара-Кулжа аймактык ооруканасынын жетекчиси Зикир Шалтаков кол койгон. ”Бюджеттин тартыш учурунда Япония элчилиги тарабынан берилген жардам зор колдоо. Бул жаратылышы, шарты татаал райондун жашоочуларынын саламаттыгы үчүн зарыл”,- деди Шалтаков.