Парламентте милиция кызматкерлеринин тынч митингдерге катышуусуна тыюу салынган мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди. Мыйзам долбоору тууралуу Ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев баяндама жасады. Талкууда Каныбек Иманалиев, Эсенгул Исаков, Кожобек Рыспаев жана башка депутаттар мыйзам долбоору өз маалында сунушталып жаткандыгын, ички иштер органдарынын кызматкерлери белгиленген жоболордун негизинде иш алып барышы керектигин айтып, долбоорду колдоо зарылдыгын белгилешти.