14-22-январь күндөрү Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны 18 пайызга өстү. Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдагандай, аталган оорунун эң көп катталган жери Бишкек, Ош шаарлары жана Чүй облусу. Бул бир апта аралыгында өлкөдө сасык тумоо илдети менен ооруган 3 миң 516 адам катталса, анын 45,5 пайызы 4 жашка чейинки жаш балдар болгон.