Ош шаарында жол чырактарына кошумча видеокамералар орнотулат. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Шаардык муниципалдык жол башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, Раззаков көчөсүнө жаңы жол чырактарын жана видеокөзөмөлдөө камераларын орнотуу жумуштары Япония өкмөтүнүн грантынын алкагында ишке ашат. Учурда жаңы жол чырактарды жана видеокөзөмөлдөө камераларын орнотуу боюнча иштин көлөмүн аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.