КРнын Соттук департаментинде 1 миллион 296 миң сомго унааларды сатып алууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу маалымат КРнын мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, тендердик табыштамаларды кабыл алуу мөөнөтү 2014-жылдын 30-сентябрында аяктайт. Мындан тышкары аталган мекеме судьяларга булгаары креслолорду сатып алууну ниет кылууда. Буга 630 миң сом каралган жана тендердик табыштамаларды кабыл алуу мөөнөтү ушул жылдын 8-октябрында аяктайт.