Каржы министринин орун басары болуп Алмазбек Азимов дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 27-сентябрда билдирди. Маалым болгондой, Азимовду министрликтин жамааты менен каржы министри Ольга Лаврова тааныштырды. Министрдин мурдагы орун басары Таалай Таткулов 25-сентябрда өзүнүн берген арызынын негизинде жумуштан бошотулган.
Айта кетсек, Азимов буга чейин КРнын Президентинин аппаратынын финансы-экономикалык жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп иштеген.