Кыргызстанда жашы 65тен ашкан жарандардын (карылардын) саны 2014-жылдын башындагы көрсөткүч боюнча 247 300. Муну 1-октябрда Улуттук статистика комитети кабарлады. БУУнун нормалары боюнча өлкөдөгү 65 жаштан ашкан жарандардын саны жалпы калктын санынын 7 пайызынан ашса, өлкөнүн калкы картаң деп эсептелерин билдирет мекеме. 247 миң жаран Кыргызстандын калкынын 4,3 пайызын түзөт, демек, аталган статустун кыргыз элине тийиштиги жок.