Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, Беларусь, Орусия жана Казакстан менен атаандаштык түзүп кете алат. Муну экономика министри Темир Сариев 2-октябрдагы парламент жыйынында айтты. Кыргызстан Бажы биримдигине киргенге караганда, кирбей койсо көбүрөөк зыян тартарын айтат. "Бул чечим быйыл эле кабыл алынып калган жок, биримдикке кирүү сунушун өкмөт 2011-жылы эле берген. 3 жылдан бери байкоо салып, баарын анализдеп чыктык. "Кирсек кыйынчылык болот" деген сындар айтылууда, кирбей койсок андан бетер кыйын болуп калат. Бажы союзундагы өлкөлөрдүн чек арасынан товар өткөрүү акыркы учурда өтө катаалдашты, ошондуктан биримдикке кирүү демилгеси активдешти",- деп билдирди министр.
Экономика министри башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстандын экономикасы либералдуу, салыгы ийкемдүү, эли ар кандай өзгөрүүлөргө абдан жөндөмдүү экенин белгилейт. "Рыноктук мамилелер өнүккөн өлкөлөрдө билим алып жаткан жаштарыбыз бар. Кыскасы, Бажы биримдигинин алкагында бара-бара атаандаштык түзүп кете алабыз",- деп ишендирди ал.
Темир Сариев союзга киргенден кийин Кыргызстандын бажы төлөмдөрүнөн таап жаткан кирешеси өсө турганын убадалады. "Бажы алымдары мурункудай чек араларда жүргүзүлбөй калат. Ишкерлер товарын алып келип кампасына түшүргөндөн кийин төлөмдөрүн беришет. Бажы алымдарынын жылдык көлөмү канча болорун айта албайм, бирок бажы алымдарынан түшкөн киреше буга чейинки суммалардан бир топ жогору болот",- деди министр.