Алмазбек Атамбаев мамлекет мектептик билим берүүгө өзгөчө көңүл бурарын билдирди

Президент Алмазбек Атамбаев 3-октябрда Бишкек шаарындагы №61-автордук физика-математикалык 
мектеп-лицейинин негиздөөчүсү Ефим Якирди кабыл алды. Президенттик аппараттан билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүүнү жана жасалып жаткан реформалар тууралуу сүйлөшүштү. Атамбаев мамлекет ар дайым мектептеги билим берүүгө өзгөчө көңүл бурарын, №61-мектепке окшогон билим берүү мекемелерин колдой турганын айтты. Ефим Якирди алдыдагы Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, анын мектептеги билим берүү системине кошкон салымын белгиледи мамлекет башчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан