Маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкер Алтынбек Максүтов 7-октябрда парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин кароосуна сунушталды. Аны талапкер катары депутаттарга вице-премьер-министр Эльвира Сариева тааныштырды. Вице-премьер талапкердин өмүр баяны тууралуу маалымат берип, Максүтовдун министрлик кызматка татыктуу экенин белгиледи.
Айта кетсек, Алтынбек Максүтовду "Ар-намыс" фракциясы бир нече адамдын ичинен министрликке талапкер катары тандап алган.