Бишкектеги Калыс-Ордо конушуна эксперименталдык жаңы мектеп курулат. Муну 7-октябрда парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында шаар мэри Кубанычбек Кулматов билдирди. Мектептин курулушуна акча даяр экенин айткан мэр "Жаңы стандарт менен эксперименталдык мектеп курулат. Өкмөттүн тиешелүү токтомун күтүп жатабыз" деп билдирди.
Жыйында депутат Каныбек Осмоналиев Калыс-Ордо мектебинин курулушу дайыма комитеттин көзөмөлүндө болорун белгилеп, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги жеңил конструкция менен курулган мектептерге тиешелүү корутунду бериши керектигин айтты.
Айта кетсек, парламенттин өткөн аптадагы жыйынында депутаттар "алыскы аймактарды мындай кой, борбор шаардын четиндеги Калыс-Ордо конушу мектепсиз отурат" дешкен эле.