Кыргыз-Санкт-Петербург өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны декабрда Бишкекте өтөт

Бишкекте декабрь айынын башында Кыргыз-Санкт-Петербург өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда вице-премьер-министр Валерий Диль менен Санкт-Петербургдун Тышкы байланыш комитетинин төрагасы Сергей Марковдун жолугушуусунда сүйлөшүлдү. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, аталган комиссиянын жыйынына тийиштүү маселелер каралганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 
Айта кетсек, Кыргыз-Санкт-Петербург соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча өкмөт аралык биргелешкен комиссиянын мурунку жыйыны 2013-жылдын 20-июнунда Орусияда өтүп, ага ошол кездеги биринчи вице-премьер-министр (учурда өкмөт башчы) Жоомарт Оторбаев катышкан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан