Мамлекеттик түзүлүш боюнча комитет маданият министрлигине Алтынбек Максүтовдун талапкерлигин жактырды
Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык
мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин бүгүн, 7-октябрдагы
жыйынында маданият, маалымат жана туризм министри кызмат ордуна Алтынбек Максүтовдун талапкерлиги
каралды. Талапкерди комитет мүчөлөрүнө вице-премьер-министрЭльвира Сариева тааныштырып,
анын аталган кызматка татыктуу экенин айтты. Депутаттар маалымат коопсуздугун
камсыздоо үчүн санариптик берүүгө өтүү боюнча даярдыктардын жүрүшү солгундап
калганын жана башка маданият тармагындагы бир катар көйгөйлөргө токтолушту. Жыйынтыгында Максүтовдун талапкерлигин жактыруу
менен парламенттин кароосуна жолдоо чечимин кабыл алышты.