Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети баяндамачылардын жоктугунан "КРны социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2015-жылга жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө", "КРнын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөгү" мыйзам долбоорлорун кароону кийинки аптага калтырды.
Мындан тышкары комитет жыйынында Евразия экономикалык союзун түзүүнү эске алуу менен Беларусь, Казакстан жана Орусиянын Бирдиктүү экономикалык мейкиндигине Кыргызстандын кошулуусу боюнча жол картасынын долбоору талкууга алынды. Депутат Марат Султановдун айтымында, Бажы биримдигиндеги өлкөлөргө караганда Кыргызстандын экономикасынын структурасы такыр башкача, андыктан акча саясатында көз каранды болууга болбойт. Ушул пикирди эске алуу менен мыйзам долбоору жактырылды.