Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында быйыл олуттуу чыр-чатактар болгон жок. Муну вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 7-октябрда Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун Улуттук азчылыктардын иши боюнча өкүлү Астрид Торс менен жолугушууда айтты. Маматалиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал турукташканын, эки өлкөнүн макулдашуусу менен жолдор, көпүрөлөр курулуп жатканын билдирди. Чек ара чатактарын болтурбоо үчүн жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Маматалиев ырастагандай, өлкөдө улуттар аралык алаканы чыңдоо концепциясын ишке ашырууга бюджеттен тийиштүү акча бөлүнгөн. Учурда андагы пландар аткарылып жатат.
Жолугушуу соңунда тараптар кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүнү макулдашканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.