Кыргызстанда ишкер айымдарды колдогон пилоттук долбоорлор старт алды

Ош шаарында 6-9-октябрь күндөрү айымдар ишкердигин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоор старт алды. Долбоордун алкагында Бишкек шаарынан барган адистер каржылык сабаттуулук, ишкердикти пландоо, лидерлик жана коммуникативдүүлүк боюнча тренингдерди өтүшөт. Ишкердикти жаңы баштагандарды эксперттер эл аралык тажрыйбалар менен тааныштырышат. Долбоорго катышуу үчүн Ош шаарында 25 жаштан 50 жашка чейинки 70 айым арыз бергенин Экономика министрлиги билдирди. Алардын ичинен тандалып алынган 20сына тренингдердин аягында жетишкендиктери тууралуу күбөлүктөр берилмекчи. 

Мындай иш-чара 13-15-октябрь күндөрү Нарында, 15-17-октябрда Караколдо өтөрү айтылды. Долбоордун максаты - аймактардагы ишкер айымдардын бизнесин туруктуу өнүктүрүү, калктын жашоо деңгээлин көтөрүү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан