Валерий Диль: "Кыргызстандын аэропортторунан учактар 33 өлкөгө түз учуп жатат"

Бишкектеги Улуттук филармонияда 7-октябрда Кыргызстандын жарандык авиациясынын 81 жылдыгы, СССРдин Эмгек сиңирген учкучу Ишенбай Абдраимовдун 100 жылдык мааракеси белгиленди. Салтанаттуу иш-чарага өкмөт өкүлдөрү, авиация кызматкерлери жана тармактын ардагерлери, тийиштүү мекеме өкүлдөрү катышты. Вице-премьер-министр Валерий Диль куттуктоо сөзүндө өлкөдөн жүргүнчү ташуучу учактар 33 өлкөгө түз учуп жатканын белгиледи. "Манас" Эл аралык аэропорту аркылуу 21 каттам, Ош аэропорту аркылуу 12 каттам ишке ашырылууда. Быйыл Бишкек-Пермь-Бишкек, Бишкек-Баку-Бишкек, Бишкек-Грозный-Бишкек, Бишкек-Белгород-Бишкек, Ош-Краснодар-Ош каттамдары ачылды",- деп билдирди өкмөт мүчөсү.
Вице-премьер авиация Кыргызстандын КМШ, Европа жана Азия өлкөлөрү менен маданий, экономикалык кызматташтыгын камсыз кылууда эффективдүү транспорт бойдон каларын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан