Жогорку Кеңештин 8-октябрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Абдрахманов Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаевди сынга алды. "МАИнин башчысы "депутаттар кызматтык унааларынын KG номурларын любовницаларына берип коюшууда" деп айтыптыр. Ушул жигитти жыйынга чакыралы, айткан сөзүнө жооп берсин. Же арызын жазып жөнөтсүн, биз канааттандырып коёлу",- дейт депутат. Айрым депутаттар Абдрахмановду олуттуу маселелерге көңүл бурууга чакырышты.