Таалайбек Айдаралиев Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн айыл чарба министрлер кеңешинин жыйынына катышат

КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин 3-кеңешмесине катышуу үчүн Москвага жөнөп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда аталган министрликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар Москва шаарында 8-11-октябрда өтүүчү “Агро-ИННОТЕК” жана “Алтын күз-2014” көргөзмө-жарманкелерине да чакырылган. Анда ШКУга мүчө мамлекеттердин айыл чарба министрлери бул багытта жана айыл азыктарын кайра иштетүү боюнча кызматташтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан