Кыргызстанда 4 жылдан бери бир дагы маданият министри парламентке мыйзам сунуштаган жок

Кыргызстанда 4 жылдан бери Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тармакты алдыга жылдыруу боюнча бир дагы мыйзам сунуштаган жок. Муну 8-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Осмоналиев айтып чыкты. "Кептин баары жаңы мыйзам сунушталбай, буга чейин иштеп жаткан мыйзамдарга өзгөртүү киргизилбей жатканында болуп жатат. Министр бирөөнү жумшап коюп, креслодо отура бербеши керек. Көйгөйлөрдү чечүүнүн жолун билиши керек, бул жаатта өзүнүн көз карашы болушу зарыл",- деди депутат. 
Айта кетсек, парламент жыйынында маданият, маалымат жана туризм министрлигине Алтынбек Максүтовдун талапкерлиги каралууда.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан