Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Алтынбек Максүтовду маданият, маалымат жана туризм министри кызматына талапкерлигин талкуулады. Депутат Анарбек Калматовдун сунушу менен анын талапкерлигине добуш берүү түштөн кийинки убакытка жылдырылды. Депутат Каныбек Иманалиев Максүтовдун талапкерлигин колдогон 800 маданият кызматкеринин каты бар экенин айтты. “Саат 15:00гө Максүтовдун министр болушун колдогон 800 кишинин катын алып келем. Саясатта бөлүнүүлөр боло берет, бирок маданият бөлүнбөшү керек”,- деди ал.