Өмүрбек Текебаев: "Бажы союзуна кирүү чечимине парламенттеги ар бир фракция тарых үчүн өз позициясын билдириши керек"

Жогорку Кеңеште бүгүн, 8-октябрда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө тийиштүү мыйзам долбоорлорунун топтомуна биринчи окууда добуш берилет. Бүгүнкү чечимдин тарыхый мааниси зор экенин белгилеген депутат Өмүрбек Текебаев "бүгүн парламенттеги ар бир фракция, депутаттык топтор тарых үчүн Бажы биримдигине кирүү чечими боюнча позицияларын билдириши керек" деди. Текебаев бул маселеге добуш берүү боюнча депутаттар жоопкерчиликти моюнга алышы шарт экенин кошумчалады. "Добуш берүүгө келгенде жыйындан чыгып кетип калбашыбыз керек. Бажы союзуна кирүүгө каршы болсо, эмне үчүн каршы экенин, макул болсо эмне үчүн макул экенин айтышы зарыл. Коомчулуктун алдында жоопкерчиликти алалы",- деди "Ата Мекендин" лидери.
Айта кетсек, аталган мыйзам долбоорлоруна саат 15:00дө добуш берилет.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан