Өзбектерди чек арадан кууп чыккан Аксынын тургунуна "баатыр" деген наам берүү сунушталууда

Мамлекеттик чек араны коргоодо эрдик көрсөткөнү үчүн Аксы районунун бир тургунуна "баатыр" деген наам берүү сунушталууда. Муну парламенттин 8-октябрдагы жыйынында депутат Анарбек Калматов айтып чыкты. "Ал өзүнүн 16 калибрлүү мылтыгы менен өзбектерди чек арадан 800 метрге кууп барган. Ошол жигитке "баатыр" деген наам берип коёлу десем болбой жатышат",- деди депутат. Калматов чек ара аймагында жашаган айрым жарандарга чек араны кайтаруу үчүн курал берүүгө багытталган мыйзамды колдой турганын билдирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан