Парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 7-октябрдагы жыйынында депутаттар бийчи Атай Өмүрзаковго "Эмгек сиңирген ишмер" наамын берүү боюнча талашып-тартышты. Демилге ардактуу наамдардын санын кыскартып, анын ордуна жалгыз "КРнын Эмгек сиңирген ишмери" наамын түзүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып жатканда көтөрүлдү. Депутат Абдыманап Кутушов бийчи Атай Өмүрзаковго аталган наамды берүүгө тоскоолдуктар болоруна же болбой турганына кызыкты. "Атайдын Германиядагы сынакта кыргызча сүйлөгөнүн көргөн болушуңар керек. Өзүнүн таланты менен немис көрүүчүлөрүн таң калтырды. Эгер ага "Эмгек сиңирген ишмер" наамын бере турган болсок, тоскоолдуктар болбойбу?"- деп суроо берди.
Мындай учурда тоскоолдуктар болбой турганы айтылды. Атайга жогоркудай сыйлык берүүгө депутат Ирина Карамушкина каршы чыкты. "Роберт Уразгелдеевге "Эл артисти" наамы 70 жашка чыкканда гана берилди. Ал өзүнүн 70 жылдык өмүрүн балет өнөрүн өнүктүрүүгө жумшады, илимий китептерди жазды, наамга жетүү ага оңойго турган жок. Атай, албетте, жакшы бийлейт. Бул анын таланты, бирок ал мектеп ачтыбы? Тармакка баш-оту менен кирген шакирттерди даярдадыбы? Кыргызстан таланттуулардын өлкөсү экенин көрсөткөнү үчүн ага аталган наамды берүүгө болобу? Биз сыйлык татыктуу болсун деп бир катар майда наамдарды жойгону жатабыз. Мамлекеттик сыйлык үчүн 2 жыл эмес, көп жыл эмгектениш керек",- дейт Карамушкина.
Мындан кийин депутат Кутушов: "Роберт Уразгелдеев көп нерсе жасады, бирок биздин жаштар ал тууралуу Атайды билгендей деңгээлде билишпейт. Ал мамлекеттен эч нерсе сураган жок жана Кыргызстанды даңазалап жатат",- деп билдирди.